Эмгек министрлиги: Кыргызстандыктар май айында кандай эс алат

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, май айында расмий эс алуу күндөрү белгиленгенин эскертет.

– 1-май – Эмгек майрамы;

– 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

– 9-май – Жеңиш күнү.

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин чейин узак дем алыш күндөрү белгиленген.

2024-жылдын 2-майынын (бейшемби) ордуна 2024-жылдын  6-майында иштейбиз, 2024-жылдын 3-майынын ордуна (жума) 2024-жылдын 11-майында иштейбиз (ишемби).

Ошондой эле, 2024-жылдын 9-майы расмий жумуш эмес майрам күн болуп саналат.

Ал эми, алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер 2024-жылдын 1, 6 жана 9-майында эс алаарын белгилейбиз.

Пайдалуу
Ссылкалар