Эмгек министрлиги социалдык контракттын катышуучуларын финансылык сабаттуулукка үйрөтө баштады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республика боюнча “Социалдык контракт” программасына катышууну каалаган аз камсыз болгон жарандарга финансылык сабаттуулук боюнча окутууну баштады.
Бул тууралуу министр Гүлнара Баатырова Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочулары үчүн уюштурулган окутууда билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен эки жылдан бери экономикалык оор кырдаалда турган үй – бүлөлөрдү колдоо программасы-социалдык контракт ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө эң ийгиликтүү долбоорлор жаңы баштаган ишкерлерге айына 40 миң сом алып келип жатат.
Социалдык контракттын маңызы – үй-бүлө мамлекет менен келишим түзүп, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 100 миң сом өлчөмүндөгү каражатка бизнес жүргүзүп, ошону менен өзүнүн экономикалык бакубаттуулугун жана жашоо деңгээлин көтөрүүгө өзү жардам берет “, – деди ал.
Мамлекет менен социалдык контракт түзүүнү каалагандарды окутуунун жүрүшүндө ишкердиктин, маркетингдин жана финансылык сабаттуулуктун негиздерине окутушту. Практикалык сабактарда катышуучулар бизнес-пландарды түзүүнү уйрөнүштү.
Министрлик мындай тренингдерди өлкө боюнча, бардык райондордо өз бизнесин ачууну, мүмкүн болгон ишмердүүлүк чөйрөсүн аныктоону, иштин келечегине так көз карашты калыптандырууну каалаган муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында өткөрүп жатат.
Үстүбүздөгү жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республикалык бюджеттен каржыланган 20 миң үй – бүлө жана Дүйнөлүк банктын алкагында 3 миң үй-бүлө менен социалдык контракт түзүүгө ниеттенүүдө.
Пайдалуу
Ссылкалар