Эмгек министрлиги: Жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар депозити киргизилди

Тоголок жетим калган балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга жана билим алууга укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ушул Жарлыкты аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2024-жылдын 1-июнунан баштап ишке ашырыла турган “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин ачуу, толуктоо жана каражаттарын тескөө Тартиби иштелип чыгууда.
Бул Жарлыкта 2024-жылдын 1-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган тоголок жетим калган ар бир балага (Кыргыз Республикасынын жаранына жана кайрылманга) “Айыл банк” ААКда “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозитин киргизүү каралган.
Натыйжада, жашы жеткен бала өзүнүн депозиттик эсебинде 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес болушу мүмкүн.
Мамлекеттик “Келечекке салым” балдар депозиттериндеги бул каражаттарды бала тоголок жетим калган балдар он сегиз жашка толгондон кийин ден соолукту, жашоо шартын жакшыртууга жана алардын тандоосу боюнча билим берүүгө жумшалышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө, ата энесинин экөөнөн тен айрылган тоголок жетим калган 1868 бала бар.
Пайдалуу
Ссылкалар