Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Галиева жана Жогорку Кеңештин депутаты В. Раимбачаева КР жарандарынын РФда жүрүүсүнө, анын ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

В.Раимбачаева медициналык текшерүүдөн өткөндө Россиянын аймагына кире турган КР жарандарынын жугуштуу оорулары аныкталган учурлар бар экенин белгиледи. Ошондуктан Орусияга кирүүгө ниеттенип жаткан кыргызстандыктар арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Пайдалуу
Ссылкалар