Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик кызмат орундарынын кенже (жетектөөчү адис) группаларына кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Администрациялык кызмат орундарынын кенже группаларына коюлган жалпы квалификациялык талаптар:

Билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Административдик кызмат орундарынын кенже группаларына коюлган квалификациялык талаптар:

Тармактык багыттар боюнча:

 

Жетектөөчү адис (бухгалтер)

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

– экономика жана финансы, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик  билим:

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажы талап кылынбайт;

  1. Кесиптик компетенциялар:

Билүү:

– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;

– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

1) ” Бухгалтердик эсеп жөнүндө “;

2) ” Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө “;

3) ” Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;

4) “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтому;

7) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  1. жеке арыз;
  2. резюме сүрөтү менен (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  3. нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  4. нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  5. илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  6. паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).
  7. Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга талапкердин макулдугу.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 19-апрели – 29-апрели аралыгында.

Тез көктөмөгө кагаз вариантында тиркелген документтер Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда Бишкек ш., көч. Токтогул, 237 дареги боюнча, саат 9:00дөн 16:00гө чейин кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 65-02-50 телефонуна чалыңыздар.

Пайдалуу
Ссылкалар