Аялдар “Жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө кантип жардам беришет

 

Социалдык контрактты ишке ашыруунун эки жылында элеттик аялдардын “Жашыл экономиканы”өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ош облусунун Өзгөн районунун аз камсыз болгон тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренингди ачып жатып билдирди.

“Эки жылдын ичинде мамлекеттин колдоосу менен чакан бизнести 12 158 аял ачты. Алар негизинен айыл жерлеринде, алыскы жана бийик тоолуу айылдарда жашашат. Долбоорлордун маанилүү бөлүгү тигүү өндүрүшүндө ишке ашырылып, аялдар кийим тигүүдө, кийизден буюмдарды жасоодо, улуттук кол өнөрчүлүктү сактап калууда.

Тигүү өндүрүшү бүткүл өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтөт. Мындан тышкары, аялдар өздөрү тигип эле тим болбостон, түшкөн кирешеге өндүрүштү кеңейтип, кошумча жумуш орундарын түзүп, башка муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүдө”, – деди ал.

Жылдыз Полотованын айтымында, бүткүл өлкө боюнча социалдык контракттын потенциалдуу катышуучуларын окутуу натыйжалуу бизнес-пландарды иштеп чыгууга жана келечекте чоң киреше алууга мүмкүндүк берет.

“Министрлик облустар боюнча гана эмес, өлкөнүн бардык айыл жерлеринде окутууну уюштурган. Рынокту, суроо-талапты жана сунушту билүү келечекте өндүрүштү жакшыраак уюштурууга жардам берет”, – деди ал.

Өткөн жылы Өзгөн районунда 535 үй-бүлө мамлекет менен социалдык контракт түзгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар