Эмгек министри Гүлнара Баатырова айына 40 миң сомго чейин айлык алууну кантип баштаса болорун айтты

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Кемин районунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөн “Келечекке даярдоо: мектептен кийинки келечек жана мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө” форумуна катышты.

Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет билим алуу жана жумуш менен камсыз кылуу боюнча ар кандай чараларды ишке ашырып жатат.

“Эмгек министрлиги жаштарга кесиптик багыт алууга, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүн аң-сезимдүү тандоого, жумушка орношууга жардам берет. Министрлик аркылуу эмгек рыногунда эң көп талап кылынган 125 кесипти алууга болот. Мындан тышкары, окутуу да үч айдын ичинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Бизнесте аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн ичинен өз күчүн сынап көрүүнү каалап, комиссиядан өткөндөргө мамлекет социалдык контракт аркылуу 100 миң сомдон берет. Аларды биз финансылык сабаттуулукка, ишкердиктин негиздерине үйрөтөбүз, натыйжалуу бизнес-план түзүүгө жана аны ишке ашырууга жардам беребиз.

Бүгүнкү күндө “Социалдык контракт” программасынын ийгиликтүү катышуучулары айына 40 миң сомго чейин жана андан жогору маяна алышат”, – деди ал.

Жаштар үчүн кесиптик келечекти талкуулоо жана пландаштыруу үчүн аянтча болуп саналган форумга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Пайдалуу
Ссылкалар