Эмгек министрлигинде калктын социалдык аялуу катмарынын укуктарын коргоо маселеси талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мамат уулу Чыңгызбек бүгүн, 19-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун (DRL) катчысынын жардамчысынын орун басары Николь Чулик менен жолугушту.
Анда Кыргыз Республикасындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын аткарылышы, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча чаралар, эмгекти коргоо маселелери талкууланды.
Конфликт болгон аймактардан репатриацияланган балдарды коргоого жана жалпысынан балдардын укуктарын коргоого көңүл бурулду.
Мамат уулу Чыңгызбек белгилегендей, министрлик адам укуктары жаатындагы эл аралык конвенцияларды ишке ашыруу боюнча өзүнүн милдеттеринин алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.
Пайдалуу
Ссылкалар