Республика боюнча 144 бал челек чарбасы мамлекеттин колдоосу менен ачылган

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Социалдык контракт” программасынын катышуучусу Сулайман Батаевге барган иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.
“Биздин өлкө баалуу бал өсүмдүктөрүнө бай жана товардык балды өндүрүү жыл сайын өнүгүп келе жатат. “Социалдык контракт” программасынын катышуучулары да бул багыттын натыйжалуулугуна баа беришти. Эки жылдын ичинде 144 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон алып, балчылыкка каражат жумшашкан. 10 баланын атасы Сулайман Батаевдин тажрыйбасы көрсөткөндөй, бизнес-идея өзүн актады”, – деди министр.
Гүлнара Баатырова мамлекеттин колдоосу менен күнөскана куруп, Токмок шаарындагы базарда жашылча-жемиштерди сатып жаткан, көчөттөрдү өстүрө баштаган беш баланын энеси Фатима Кубаевага барды. Ошондой эле ири мүйүздүү мал багып жаткан Зульфия Малосиеванын бизнесине да көз чаптырды.
“Мал чарбасы биздин өлкө үчүн салттуу тармак болгондуктан, өткөн жылы социалдык контракттын алкагында катышуучулары дыйканчылык сыяктуу эле бул багытты өздөрү тандап алышкан. Бир уй сатып алуу менен баштаган Зульфия Малосиева өз долбоорун кандай алып бара жатканын көрдүк. Ал торпок алып байлап, семиртип союп, сатуу менен иш алып барат. Ушул убакыттын ичинде жалпысынан ал беш музоо сатып, жакшы киреше тапкан.
Ошол эле учурда министрлик социалдык контракт түзүүнү каалагандарга кеңеш берип, башка тармактарда да күчүн сынап көрүүнү сунуштоодо. Мындан тышкары, болочок катышуучулар үчүн маркетинг, финансылык сабаттуулук, салык салуу боюнча тренингдер уюштурулду», – деди ал жана жалпысынан Чүй облусундагы социалдык контракттын жогорку натыйжалуулугун белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар