Эмгек министринин биринчи орун басары Ж. Рысбекова Кыргызстандагы иш менен камсыз кылуу тармагындагы реформалар тууралуу жогорку деңгээлде маалымат берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова үстүбүздөгү жылдын 16-18-апрелинде Португалияда өткөн Европа үчүн Эл аралык социалдык камсыздоо ассоциациясынын Аймактык социалдык камсыздоо форумуна жана Симпозиумуна катышты.
Жыпариса Рысбекова өз сөзүндө Кыргыз Республикасы социалдык камсыздоонун инклюзивдүү, адекваттуу жана туруктуу системасы үчүн белгилүү реформаларды жүргүзүп жатканын баса белгиледи.
«Өлкөдө социалдык коргоо Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген. Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча ар кандай чаралардын аркасында жумушсуздардын саны кыскарды, бул эмгек рыногунун туруктуулугун жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларынын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.Жаштарга кесипти аң-сезимдүү тандоого жардам берүү жана эмгек мигранттарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кесиптик багыт берүү борборлору түзүлүүдө. Ошол эле учурда мамлекеттик колдоого муктаж жарандардын айрым категорияларына кепилденген социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйүүдө. Санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик кызматтардын көбү онлайн форматка өткөрүлдү», – деди ал.
Жогорку деңгээлдеги иш-чарада катышуучулар социалдык адилеттүүлүктү, инклюзивдүү, туруктуу коомду, ошондой эле “жашыл” өтүүнү жана экономикалык прогрессти орнотууда социалдык камсыздоонун өзгөрүп жаткан ролун талкуулашты.
Иш-чаранын алкагында Жыпариса Рысбекова Эл аралык социалдык камсыздоо ассоциациясынын Башкы катчысы Марсело Аби-Рамия Каэтано жана SOCSO башкы директору (социалдык камсыздоонун артыкчылыгы) Мохаммед Азман менен жолугушту. Тараптар социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле калктын аялуу катмарына сапаттуу жана туруктуу жардам көрсөтүүнүн жаңы ыкмаларын талкуулашты.

Пайдалуу
Ссылкалар