Эмгек министрлиги эки жылда 1 миңден ашык жалгыз бой энеге өз бизнесин ачууга жардам берди

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча окутууну ачып жатып билдирди.
Анын айтымында, аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана аялдардын, биринчи кезекте элет жеринде жашагандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү министрликтин иш менен камсыз кылуу саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
“Санариптештирүү шартында биз эмгек рыногу кандай өзгөрүп жатканын көрүп жатабыз, аялдар басымдуулук кылган кесиптердин мааниси жок болуп баратат. Өз кезегинде Эмгек министрлиги тенденцияларга көз салбастан, активдүү иш алып барат.
Мындай чаралардын бири мамлекеттин колдоосу менен өз бизнесин ачууга мүмкүндүк берген Социалдык контракт программасы болду. Эки жылдын ичинде социалдык контракттын 12,8 миң катышуучусунун ичинен аялдардын саны 2022 жана 2023-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 92% жана 95% түзгөн.
Ошол эле учурда бизнес ачып, киреше таба баштагандардын жалпы санынын 8% же 1 миңден ашуунун балдарды жалгыз тарбиялаган энелер”, – дейт Жылдыз Полотова.
Министрдин орун басары социалдык контрактка катышууга даярдык көрүүнүн алкагында өлкө боюнча каалоочулар финансылык сабаттуулук, маркетингдин негиздери жана бизнес-пландаштыруу боюнча акысыз окутуудан өтүп жатканын белгиледи.
Тренингдин катышуучулары Кыргыз Республикасынын салык салуу системасы, сатууларды көбөйтүү жана кардарларды тартуу механизмдери жөнүндө билишти.
Өткөн жылы Ноокат районунда 600 аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишканаларын ачкан.
Ошондой эле, Жылдыз Полотова Жогорку Кеңештин “Мекенчил” фракциясынын депутаттарынын социалдык объектилерди кыдырып, эл менен жолугушуусуна катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар