Эмгек министрлигинин командасы мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи футбол боюнча мелдешке катышууда

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрель куну, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин футболдук командасы Кара-Кыргыз Автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, 1-Май Эмгек күнүнө жана 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө арналган мини – футбол боюнча турнирге катышууда.
Бул турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин “2024-2034-жылдарга футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, кызматкерлердин Дене тарбия жана ден соолукту сактоо жана чыңдоо каражаты катары дене тарбия даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышууда.
Катышуучуларга ийгилик, туруктуулук жана жеңишке болгон ишенимди каалайбыз.
Пайдалуу
Ссылкалар