Улуттук тазалык күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек жамааты ишембиликке чыкты

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрелинде Улуттук тазалык күнүнө карата мамлекеттик органдар үчүн дайындалган ишембиликке Министрликтин борбордук аппаратынын, республика боюнча аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери чыкты.
Массалык ишембилик жалпы өлкө боюнча өткөрүлүп, Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкектин Пригородное а. Юбилейная көч боюнча Объездной айланма жолуна чейин таштандыларды тазалап, санитардык абалды жакшыртуу, тазалоо жана көрктөндүрүү максатында ишембиликке жигердүү катышышты.
Мындай ишембилик май айынын соңуна чейин, ар аптанын ишемби күндөрү өткөрүлмөкчү.
Пайдалуу
Ссылкалар