Чүй облусунда бизнестин кайсы багыттары көбүрөөк натыйжа берет

 

Чүй облусунда “Социалдык контракт” программасынын ар бир төртүнчү катышуучусу тигүү өндүрүшүн ачты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Чүй облусу боюнча республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, эки жыл ичинде 144 тигүү цехи ачылып, алар келиндерге кийим-кечелерди жасап, унааларга чехолдорду тигишет, салттуу стилде иштешет.

Талдоо көрсөткөндөй, Чүй облусунда айыл чарба, транспорттук кызмат көрсөтүү тармагындагы ийгиликтүү долбоорлордун үлүшү жогору.

Өткөн жылы эң көп социалдык контракттар  Сокулук (280), Москва (150) жана Панфилов (70) райондорунда түзүлгөн.

Эки жылдын ичинде эле облуста 1039 социалдык контракт түзүлгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар