Эмгек министрлиги КОНКУРС жарыялайт!

 

Ата-эне кучагы, кубаты, Ата-эне орду, Ата-эне деми, Ата-эне таалим-тарбиясы, Ата-эне мээрими, камкордугу – үй-бүлөдөгү эң бир орду алмашкыс   баалуулук. Ата-эненин тарбиясын мектеп да, коом да бере албайт. Учурда үй-бүлө институту салттык үй-бүлөлүк тажрыйбалардын жана баалуулуктардын кризисине дуушар болуп, Ата-эне кызматы, мээрими – бүгүнкү күндүн курч көйгөйүнө айланууда.

Быйыл Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан  “Үй-бүлө Кодекси” кайрадан жаңыланып, анын ичинде үй-бүлө институтунун милдеттери кеңейтилди. Министрлик, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү максатында,  ЮНИСЕФ жана Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте  “КУЧАК” аттуу бир айлык акция өткөрөт.

Акциянын шарты:

  • Ата-энелер Акцияга 22-майга чейин бактылуу үй-бүлөлүк сүрөтү (фото) (1 же 2) же кыска видеосу (1) менен катыша алышат. Фото же видео Facebook, Instagram жана Twitter өңдүү социалдык тармактарда (каалаган социалдык тармагында) #КУЧАК #, #Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат#, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги деген хэштегдерди колдонуу менен, сүрөттөрдүн жана кыска тасмалардын челленждери  жарыяланат;
  • Сынактын жыйынтыгынын натыйжасында майдын аягында (19-май Энелер күнү менен 1-июнь Балдарды коргоонун күнүнө карата) Бишкек шаарында республикалык деңгээлде фото көргөзмө өткөрүлөт.
  • Кыскача үй-бүлөлүк тарыхы менен сүрөтү же видеосу эң креативдүү жана социалдык тармакта көп колдоого ээ болгон конкурстун катышуучулары сыйланат;
  • Жеңүүчүлөргө номинациалар берилет.

Байланышуу телефондору: 0312 62-39-77, 0504504564

 

Возможно, это зарисовка (толстый лори и текст «นเ РУАНКагм Кыргыз Республикасынын КиртызРестубликасьнынзигек Респу Эмгек, БИШКЕК социалдык камсыздоо оциалдыккамсыздоо жана намиграция министрлиги КУЧАК unicef Менин М башталат QIKON олΚΘΜ менин уй- й-буломден УлΘмден»)
Пайдалуу
Ссылкалар