I кварталда Эмгек министрлигине 3 миңден ашык кайрылуу түшкөн

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Министрликке биринчи кварталда жазуу жүзүндө жана жеке жолугушуулар аркылуу 3079 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 371 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар, алардын дээрлик  85% өз убагында аткарылган.

Кайрылуулардын негизги бөлүгү мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды дайындоо, балдардын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын иши, эмгекти коргоо, иш менен камсыз кылуу маселелерине тиешелүү болду.

Көбүнчө Бишкек шаарынын, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын тургундары кайрылышкан. Андан кийин Нарын, Ысык – Көл, Талас жана Баткен облустары турат.

Ведомство өзүнүн компетенциясына кирген бардык суроолор боюнча онлайн, 0312 66-01-07 номериндеги Коомдук кабылдама аркылуу же жетекчиликтин жеке кабылдамалары аркылуу кайрылууга болорун эскертти.

Эмгек министри Гүлнара Баатырова ар жума күнү саат 9.00 дөн 11.00 гө чейин, министрдин орун басарлары иш күндөрү саат 9.00 дөн 12.00 гө чейин алдын ала жазылуу  боюнча кабыл алат.

Пайдалуу
Ссылкалар