Эмгек министрлиги 100 миңден ашуун адамдын жашоосун өзгөртүүнү пландоодо

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ош облусунун Кара-Суу районундагы социалдык контракттын потенциалдуу алуучуларын финансылык сабаттуулук боюнча окутуунун жүрүшүндө ар бир кол коюлган социалдык контракт 5 адамдын жашоосун жакшыртаарын белгиледи.

“2022-жылы Министрлик тарабынан 2800 социалдык контракт түзүлүп, 15,4 миң адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ар бир үчүнчү үй-бүлө 40 миң сомго чейин ала баштады. Өткөн жылы 10 миң үй-бүлө өз ишин баштаган, бул 55 миңден ашуун адамдын жашоосуна таасирин тийгизген, алардын 33,5 миңи балдар.

КР Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылга карата демилгесинин натыйжалуулугун эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан 20 миң үй-бүлөнү колдоого каражат бөлүндү. Ар бир социалдык контракт орто эсеп менен беш адамдын жашоосуна таасирин тийгизгендиктен, жыл жыйынтыгы боюнча Программа 100 миңден ашуун адамдын жашоосун өзгөртөт”, – деди ал.

Ошол эле учурда Жылдыз Полотова социалдык контракттын алкагында мамлекет гана эмес, катышуучулар өздөрү да чоң жоопкерчилик тартышарын баса белгиледи.

“Сиз өз ишиңизге канчалык жоопкерчиликтүү мамиле кылуу балдарыңыздын жана сиз кошумча жумуш орундарын түзө турган үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын аныктаарын түшүнүшүңүз керек. Социалдык жардам алуу менен сиз мамлекетке колдоо көрсөтүп, ишкерлердин санын көбөйтөсүз.

Социалдык жардам алуу менен сиз мамлекетке колдоо көрсөтүп, ишкерлердин санын көбөйтөсүз. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү менен, сиз өз жамааттарыңыздын экономикасын жана бүтүндөй мамлекетти чыңдайсыз. Социалдык контракт-бул өз ара пайдалуу эки тараптуу милдеттенме, жана ар бир тарап үй – бүлөлөр, жергиликтүү бийлик органдары да өз жоопкерчилигин түшүнүшү керек”, – деп баса белгиледи ал.

Пайдалуу
Ссылкалар