Азербайжан Республикасынын Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитети менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

 

24-апрелде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Фуад Мурадов менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандум Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Азербайжан Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында түзүлдү.

Меморандумда эки өлкөнүн ортосундагы диаспорага жана алардын социалдык-экономикалык интеграциясына байланыштуу ар кандай аспектилерде кызматташууну кеңейтүү, ар бир өлкөдө диаспора маселелерин чечүү үчүн биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу каралган. Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин жакындашуусуна өбөлгө түзөт.

Возможно, это изображение 2 человека и текст
Пайдалуу
Ссылкалар