Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова калкты социалдык коргоонун жаңы тутумунун өзөктүү учурларын атады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык нормаларды жана ЭЭУнун социалдык камсыздоо нормалары жөнүндө сунуштарын эске алуу менен калкты социалдык коргоонун моделдик системасын аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын төрагалыгы алдында өткөн жыйынга мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, камсыздандыруу компанияларынын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (Дүйнөлүк банк, ЮНИСЕФ, ЭЭУ, БУУ ДАП) өкүлдөрү катышты.
Министрдин орун басарынын айтымында, Эмгек министрлиги баарына социалдык коргоонун минималдуу деңгээлин кепилдеген адилеттүү жана натыйжалуу системаны түзүүгө умтулат.
“Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги “эч кимди четте калтырбоо” принциби боюнча социалдык коргоо системасына комплекстүү баа берди. Бүгүн биз Кыргызстан үчүн социалдык коргоонун моделин өркүндөтүшүбүз керек, анда төмөнкү негизги жагдайлар эске алынышы керек.
Биринчиси-социалдык коргоонун гендердик өзгөчөлүгү. Аялдар балдарга жана карыларга кам көрүү үчүн кошумча жоопкерчиликке ээ болгондуктан, бул алардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн чектеши мүмкүн, аларды тиешелүү өргүү, жеңилдиктер жана медициналык кызматтар менен камсыз кылуу маанилүү.
Экинчиси, мамлекет, кызматкерлер жана жумуш берүүчүлөр ортосундагы социалдык диалог, анда бардыгы чечим кабыл алуу процессине катышууга укуктуу. Үчүнчүсү – айлана-чөйрөнүн бузулушуна каршы күрөшүү жана климаттын өзгөрүшүнө көнүү үчүн социалдык коргоо стратегияларын колдонуу маанилүү”, – деди ал.
Жыйындын катышуучулары белгилегендей, эл аралык стандарттарга ылайык социалдык коргоонун минималдуу деңгээлин киргизүү Өкмөттүн, иш берүүчүлөрдүн жана профсоюздардын, ошондой эле эксперттердин жана жарандык коомчулуктун макулдашылган аракеттерин талап кылат.
Ошондой эле бул иштер Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Пайдалуу
Ссылкалар