Эмгек министрлиги: 2023-жылы социалдык контрактка катышкан аялдардын саны 2022-жылга  салыштырмалуу 2,6% өстү

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашкандай, 2023 – жылы мамлекет менен социалдык контракт түзгөн 10 миң адамдын 9562си негизинен айыл жергесинде жашаган аялдар.

Бул 2022-жылы “Социалдык контракт” программасына катышкан аялдардын санынан 2,6% га көп.

Министрлик Жалал-Абад (5,4%) жана Ысык-Көл (3,4%) облустарында эркек катышуучулардын саны байкаларлык азайгандыгын белгилейт.

Ошол эле учурда мамлекеттик колдоо менен бизнес ачкан эркектердин саны Ош шаарында 2%дан 11,9%га, Чүй облусунда 10,8%дан 15,1%га жана Бишкек шаарында 8,9%дан 11,5%га өскөн.

Жалпысынан өткөн жылдын аягында тандалып алынган 10 миңдин ичинен 9993 аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишин ачып, туруктуу кирешеге ээ болушкан. Жети долбоор үй-бүлөлөрдөн көз каранды болбогон жагдайлардан улам аткарылган жок: сатып алынган малдын оорусу жана/же өлүшү, же программанын катышуучуларынын өздөрү өтүп кетиши.

Возможно, это изображение 5 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар