Кыргызстан менен Азербайжан миграция боюнча келишимге кол коюшту

 

2024 – жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда миграция тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Документке Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Вюсал Афган оглу-Гусейнов кол коюшту.

Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Азербайжан Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында түзүлдү.

Документ Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы миграция жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эки мамлекеттин аймагындагы миграциялык процесстерди жөнгө салууга багытталган.

Бул кадам миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө кеңири жана эркин маалымат алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Возможно, это изображение 13 человек
Пайдалуу
Ссылкалар