«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын апрель айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 15 – 22 – апрелине  чейин 1510 телефондон кайрылуу (бир суткада 215 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 34 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 16 же 47,0 % жаш балдар, ал эми 18 же 53,0 % чоң кишилер), 25 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 5 абонентке психологиялык консультация берилген, 4 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

34 чалуунун ичинен: эркектерден – 2 (5,9%), аялдардан – 16 (47,0%), эркек балдардан – 4 (11,8%), кыздардан – 12 (35,3%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси – 8  (балдар 7);

– психологиялык жабырлануу менен – 5 (балдар 5);

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 5 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 4 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 4 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 3 (балдар 1);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 2 (балдар 0);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 1).

1476 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 6 (17,6%);

-Чүй облусунан – 6 (17,6%);

– Ысык- Көл облусунан – 5 (14,7%);

– Жалал – Абад облусунан – 2 (6,0%);

– Талас облусунан – 1 (2,9%);

– Ош облусу – 1 (2,9%);

– Ош ш. – 1 (2,9%);

– Баткен облусунан – 1 (2,9%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 11 (32,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар