Эмгек министри Гүлнара Баатырова Өкүлчүлүктүн кызматкерлерине Россия Федерациясында КР жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды

2024-жылы 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуунун алкагында РФда жүргөн КР жарандарынын эмгектик укуктарын коргоого тиешелүү маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкүлчүлүктүн жетекчиси Ж.Галиева өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү, анын ичинде Россиядагы миграциялык кырдаал тууралуу маалымат берди.
Президент С.Н. Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында министр Г. Баатырова Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды, ошондой эле Россиянын миграциялык мыйзамдары боюнча эмгек мигранттары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар