Эмгек министринин биринчи орун басары Ж. Рысбекова социалдык паспорт эмне үчүн керек экенин айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова “Жакырчылыктын деңгээлин аныктоо жана социалдык жардамды активдүү көрсөтүү боюнча ыкмаларды өркүндөтүү” аттуу тегерек столунун жүрүшүндө калктын социалдык аялуу катмарларынын абалын жакшыртуу чаралары тууралуу айтып берди.
«Калктын аярлуу катмарын социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталган. Акыркы эки жылда ай сайын берилүүчү социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү 50-200%га көбөйтүлдү.
Министрлик тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортун жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анда үй-бүлөнүн кирешеси гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы, билим деңгээли, ошондой эле жашоо шарттары сыяктуу башка факторлор да эске алынат. Паспорттун маалыматтары өзгөчө кырдаал жаралганда өз убагында жана адекваттуу жардам көрсөтүү үчүн маанилүү”, – деди ал.
Казакстан Республикасынын Калкты социалдык коргоо эмгек министрлиги тарабынан онлайн форматта уюштурулган тегерек столго Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар