Эмгек министрлиги ” SOS – Балдар айылдары Кыргызстан” коомдук фонду менен биргеликте социалдык жактан аялуу жаштар үчүн стартап-долбоорлорду ишке киргизди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова VIBEs долбоорунун тажрыйба алмашуу форумунда сөз сүйлөп, бул долбоордун жыйынтыктары жана жаштарды ишке орноштуруу боюнча пландаштырылган жаңы чаралар тууралуу айтып берди.
«Өткөн жылы Министрлик «SOS – Балдар айылдары Кыргызстан» КФ менен биргеликте «VIBEs жаштар үчүн» долбоорун ишке ашырууга катышкан. Социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн 184 жаш кыргызстандыктар кесиптик окуудан өтүп, стартап долбоорлорун даярдашкан жана сынактык тандоонун жыйынтыгында мыкты бизнес-идеясы бар 53 адам өз бизнесин ачууга гранттык жардам алышкан.
Ошондой эле Жылдыз Полотова форумдун катышуучуларына жумушсуз жаштарды эмгек рыногуна тартуунун дагы бир механизми – жаштар стажировкасын ишке ашыруу тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Акыркы 2 жылда GIZ кыргыз-герман долбоорунун катышуусу менен коммерциялык банктарда, муниципалдык ишканаларда, бала бакчаларда, кийим тигүү фабрикаларында, цехтерде жана башка уюмдарда жаштардын практикасы пилоттук түрдө өткөрүлдү. Бул пилоттун натыйжасында жаштардын бир бөлүгү жумуш менен камсыз болгон.
Мындай инструменттин маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнгөн Министрлик 30 шаар жана райондордо 3000 жаштар үчүн жаштар практикасын киргизүүнү пландаштырууда. Аялуу катмардагы жаштарга артыкчылык берилет. Жаштар атайын окуудан өткөндөн кийин мамлекеттик жана жеке секторлорго стажировкага жиберилет. Интерндардын чыгымдарын жарым-жартылай жабуу үчүн стажёрлорго 8600 сом өлчөмүндө стипендиялар пландаштырылган», – деди ал.
Форумга мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, Кыргызстандын, Грузиянын жана Беларустун VIBEs долбоорлорунун өкүлдөрү, ошондой эле гранттык колдоо алгандардын өздөрү катышты.
Пайдалуу
Ссылкалар