Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгү кыргызстандыкка 715 миң рубль компенсация алууга жардам берди

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өкүлчүлүгү кыргызстандыкка компенсация алууга көмөк көрсөттү.

1984-жылы туулган А.А. аттуу жаран ушул жылдын март айында өндүрүштүк жаракат алып, В.Виноградов атындагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.

Өкүлчүлүктүн кийлигишүүсүнөн кийин иш берүүчү 715 000 рубль өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча компенсация төлөп берген.

Мындан тышкары, Өкүлчүлүк тарабынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алууга көмөк көрсөтүлдү. Учурда анын абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарылоону улантууда.

ечение.
Возможно, это изображение больница и текст
Пайдалуу
Ссылкалар