Кантип жөлөк пул алуучудан ишкер болсо болот

Ысык-Көл районунун Бает айылынын тургуну Айзада Токсобаева Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова менен болгон жолугушууда турмуштук оор кырдаалдан кантип чыкканын айтып берди.
«Айзада жолдошу менен бирге 3 баланы тарбиялап келет. Буга чейин алар жөлөк пул менен жашаса, 2022-жылы социалдык контракт программасына катышкан. Мамлекеттен түшкөн 100 миң сом менен самын жасай баштадык.
Бул үй – бүлө социалдык контракт кандайча алга жылууга түрткү бергенинин жакшы мисалы. Айзада туруктуу, өнүгүп келе жаткан бизнести түзүп гана тим болбостон, жаңы багыттарды да изилдей баштады. Vibes долбоору аркылуу ийгиликтүү стартап планын даярдап, чийки затты алып, кир жуугуч порошокту чыгара баштады», — дейт Жылдыз Полотова.
Ошондой эле министрдин орун басары кой багуу менен алектенген Мирлан Мамытовдун жана тигүү цехтерин ачкан Назира Турдукулованын үй-бүлөлөрү менен таанышты.
«Бул үй-бүлөлөр да социалдык контракт муктаж болгондорго кандай жардам берерин көрсөтүп жатышат. Мирлан Мамытов чарбасын бир топ кеңейтсе, Назира Турдукулова дагы алты адамды жумуш менен камсыз кылды. Министрлик тарабынан жыл сайын республика боюнча өткөрүлүүчү ишкердиктин негиздерине окутуу социалдык контракттын катышуучуларынын бизнесинин туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ», – деп баса белгиледи ал.
Жылдыз Полотова ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын мэри жана Ысык-Көл районунун акиминин орун басары менен муктаж үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлорун колдоо, социалдык контракттын алкагында берилүүчү бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Учурда Ысык-Көл облусунда 1144 үй-бүлө өз ишин мамлекеттин колдоосу менен баштады.
Пайдалуу
Ссылкалар