Эмгек укуктарынын негизги бузулушу – эмгек акыны төлөбөө жана жумуштан негизсиз бошотуу

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров дүйнөлүк эмгек күнүнө арналган конференцияда билдирди.

“Эң көп жаракат алгандар Курулуш жана тоо-кен тармагында болот. Ошол эле учурда биздин кызматтын аракетинин аркасында жабыр тарткандар мыйзам боюнча белгиленген компенсацияларды алып жатышат. Алсак, 2018 – жылы компенсациялардын жалпы суммасы болгону 5 млн сомду түзсө, өткөн жылы 123 млн сомду түзгөн”, – деди ал.

Анын айтымында, жыл башынан бери эле эмгек коопсуздугу боюнча 266 текшерүү жүргүзүлүп, өндүрүштөгү 38 кырсык иликтенип, бул эмгекти коргоо жана жумушчулардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттин көзөмөлүнүн олуттуу күчөтүлүшүнөн кабар берет.

Иш-чара Тилектештик борборунун колдоосу менен өттү.
Пайдалуу
Ссылкалар