Эмгек министрлигинин кызматкерлери Сузакта кырсыктаган балдарга жардам көрсөтүшүүдө
Сузак райондук, Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери, психолог адистер менен бирге Сузак районунун Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда Портер автокырсыгынан жабыркаган өспүрүм балдарга психологиялык жана гуманитардык жардамды көрсөтүшүүдө.
Жаракат алган балдардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлө катары “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган 7-класстын окуучусу бар. Азыркы учурда Сузак аймактык ооруканасында жатат. Министр Гүлнара Баатырованын тапшырмасы менен, жабыркаган өспүрүмдөргө жана алардын кароочуларына соц кызматкерлер бекитилди.
Ошондой эле социалдык кызматкерлер Сузактагы кырсыкта жабыркагандарга президенттик фонддон бөлүнгөн каражат алууга көмөк көрсөтүшүүдө.
2024-05-03