Эмгек  министрлиги: 388,8 миң адам мамлекеттик жөлөкпул алат

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 388,8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Булардын ичинен 278,8 миң – балдар, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулар.

Калктын кирешесинин, эмгек акынын жогорулашына байланыштуу, 2022-жылга салыштырмалуу «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган балдардын саны 44,9 миң адамга азайды.

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 1 392 сомду түзөт.

Пайдалуу
Ссылкалар