«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын апрель айынын төртүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 22 – апрелинен 1 – майына  чейин 1988 телефондон кайрылуу (бир суткада 220 чалуу) түшкөн.

43 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 11 же 25,6 % жаш балдар, ал эми 32 же 74,4 % чоң кишилер), анын ичинен 35 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 1 абонентке психологиялык консультация берилген, 7 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

43 чалуунун ичинен: эркектерден – 5 (11,6), аялдардан – 27 (62,7%), эркек балдардан – 1 (2,3%), кыздардан – 10 (23,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 12 (балдар 1);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 8 (балдар 0);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси – 5  (балдар 4);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 5 (балдар 0);

– билим берүү системасы жөнүндө – 3 (балдар 0);

– башка маселелер боюнча – 3 (балдар 2);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 2 (балдар 2);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө  – 2 (балдар 1);

– психологиялык жабырлануу менен – 1 (балдар 1);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 1 (балдар 0);

– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1 (балдар 0).

1945 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 17 (39,5%);

– Чүй облусунан – 8 (18,6%);

– Ош облусунан – 4 (9,3%);

– Ош шаарынан – 2 (4,7%);

– Баткен облусунан – 2 (4,7%);

– Жалал – Абад облусунан – 1 (2,3%);

– Ысык- Көл облусунан – 1 (2,3%);

– Нарын облусунан – 1 (2,3%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 7 (16,3%).

Пайдалуу
Ссылкалар