Эмгек министрлиги: Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери калды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагери жашайт.

Алардын ичинен 3 майып, 18 катышуучу, 8 туткун жана 10 блокадачы 7 000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация жана 10 000 сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия алышат.

Аймактар боюнча Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны төмөнкүдөй: Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ош шаарында – 1, Жалал-Абад облусунда – 5.

Ошондой эле өлкөдө 552 ооруктун эмгекчилери жашайт. Майыптыгы бар 86 ооруктун эмгекчилери айына 2000 сом, калгандары 1000 сом компенсация алышат.

Жогоруда аталган категорияларга республикалык бюджеттин каражаттарынан Министрлик төлөп берүүчү бир жолку төлөмдөр да каралган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон, ооруктун эмгекчилерине жана согуш учурунда курман болгондордун жесирлерине 15 миң сомдон берилет.

Нет описания фото.
Пайдалуу
Ссылкалар