Эмгек министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияга кетүүдөгү алдамчылык жөнүндө эскертет

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британияда жана Европа континентинин өлкөлөрүндө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эскертет.

Жарандарды Улуу Британияга ишке орноштуруу тартиби акысыз негизде жүргүзүлөт, арыз берүүчү  өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөйт.

Борбор жарандарды “Instagram” жана “Facebook” социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөнү чакырат.

Улуу Британияда жана Европа өлкөлөрүндө жумуш табууну каалагандар үчүн ишенимдүү мыйзамдуу булактар-бул чет өлкөдөгү Жарандарды жумушка орноштуруу борбору жана тиешелүү уруксаты бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери. Агенттиктин мыйзамдуу же иштебей тургандыгын www.migrant.kg. веб-сайттан текшере аласыз .

Толук маалыматты КР ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан алууга болот. Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч. 237-үй; Ош ш., Ленин көч. 221-үй, ошондой эле төмөнкү телефондор боюнча кеңеш алсаңыз болот: т.1899 (ишеним телефону), +996559189900 (WhatsApp)

Возможно, это изображение 1 человек и чемодан
Пайдалуу
Ссылкалар