Токтогул районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө аарычылыктын негиздери үйрөтүлүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен биргеликте Токтогул районунда аарычылыктын негиздери боюнча окуу өткөрүштү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 62 өкүлү окуудан өттү.
Кыргыз Республикасында аарычылык жигердүү өнүгүп, экспортко чыгып жатканы айтылды. Бирок, алгач үй-бүлөлөрдүн бул тармак боюнча маалыматы жана билими жетишсиз болгондуктан, “Социалдык контракт” программасынын катышуучуларынын арасында таанымал болгон эмес.
Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет менен келишим түзгөн 12,8 миң үй-бүлөнүн 144ү гана бал челек ачкан. Бул учурда, социалдык контракттын жүрүп жаткан ишин талдоо аарычылык жогорку киреше алып келерин көрсөттү.
Пайдалуу
Ссылкалар