«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын апрель айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын апрель айында 6206 телефондон кайрылуу (бир суткада 206 чалуу) түшкөн.

157 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 43 же 27,4% жаш балдар, ал эми 114 же 72,6% чоң кишилер), анын ичинен 121 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 13 абонентке психологиялык консультация берилген, 23 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

157 чалуунун ичинен: эркектерден – 20 (12,7%), аялдардан – 94 (59,9%), эркек балдардан – 7 (4,4%), кыздардан – 36 (23,0%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

 – социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 38 (балдар 1);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата- энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 19 (балдар 16);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 19 (балдар 2);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар жөнүндө – 17 (балдар 2);

– билим берүү системасы жөнүндө – 14 (балдар 0);

– психологиялык жабырлануу менен – 13 (балдар 9);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 7);

– башка маселелер боюнча – 7 (балдар 2);

– мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 6 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 4 (балдар 0);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 4 (балдар 3);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 3 (балдар 0);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 2 (балдар 1).

6049 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 45 (28,7%);

– Чүй облусунан – 24 (15,3%);

– Ысык- Көл облусунан – 15 (9,6%);

– Жалал – Абад облусунан – 10 (6,4%);

– Ош облусунан – 9 (5,7%);

– Баткен  облусунан – 8 (5,1%);

– Ош шаарынан – 6 (3,8%);

– Талас облусунан – 1 (0,6%);

– Нарын облусунан – 1 (0,6%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 38 (24,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар