Эмгек министрлигинин балдарды коргоо маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрү менен жолугушуу болуп өттү

2024-жылдын 7-майында министрдин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын аймактык деңгээлде коргоо жаатындагы иштин натыйжалуулугун жогорулатууга тиешелүү маселелер талкууланды. Катышуучулар учурдагы көйгөйлөрдү талкуулашты жана аны чечүү боюнча сунуштар берилди.
Министрдин биринчи орун басары активдүү катышкандыгы жана жемиштүү талкуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында балдардын укуктарын ар тараптуу коргоону камсыз кылуу үчүн Министрликтин борбордук аппараты менен анын аймактык өкүлчүлүктөрүнүн ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар