Эмгек министрлигинин жетекчилиги Чехословакияны бошоткон ардагерди куттуктады
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана орун басары Дарманкул уулу Бакыт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаевди 9-май Жеңиш Күнү менен куттуктады.
99 жаштагы ардагер Белорусия менен Украинадагы салгылашууларга катышып, Венгрия, Молдова, Румыния жана Чехословакияны бошотконун айтып берди.
Жетекчилик фронтовикке ден соолук каалап, акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.
2024-05-09