Эки жылдын ичинде Чүй облусунун 1217 үй-бүлөсү Эмгек министрлигинин колдоосу менен чакан бизнес ачышты
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруу боюнча окутуунун алкагында билдирди.
Бул окутуу Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдин демилгеси менен акимдердин орун басарлары, вице-мэрлер жана айыл өкмөттөрү үчүн уюштурулду.
“Эки жылдын ичинде 1 217 үй-бүлөгө 100 миң сомдон акча берилип, чакан бизнес ачылган. Бүгүнкү күндө алар программага катышкан 5,8 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртууга мүмкүндүк берген кирешелерди алышат. Алардын ичинен 67% дан ашыгы – балдар, майыптыгы барлар- 4% түзөт.
Үстүбүздөгү жылы КР Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси 23 миң үй – бүлөнү камтыйт жана аны ишке ашыруунун натыйжалуулугу жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин сапатынан көз каранды”, – деди ал.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга 2024-жылы катышуучуларды тандоодо критерийлер жана артыкчылыктар, бизнес-долбоорлорду андан ары ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Эмгек министрлигинин өкүлдөрү программанын бардык этаптары боюнча максималдуу түшүндүрмө берип, чогулгандардын суроолоруна жооп беришти.
2024-05-11