Эмгек министри балдардын укугун коргоодо артыкчылыктуу багыттарды белгиледи
Бүгүн, 13-майда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Министр белгилегендей, ЮНИСЕФ менен өнөктөштүк бардык балдардын билим алууга, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган кыйла натыйжалуу стратегияларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
“Биргелешкен иш ар бир баланы ар кандай мыйзам бузуулардан коргоого жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө алардын жайгашкан жерине карабастан билим алуу, саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо алуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталышы керек.
Министрлик эмгек, социалдык коргоо жана миграция чөйрөсүндөгү улуттук стратегияларды өлкөбүздүн керектөөлөрүн эске алуу менен ишке ашырат. Мында биз биздин саясатты жана программаларды иштеп чыгууга жана мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун активдүү катышуусуна кызыкдарбыз”, – деди ал.