Азия аялдар форумуна Кыргыз Республикасынын делегациясын Эмгек министринин биринчи орун басары Ж. Рысбекова жетектеди

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Өзбекстанда өтүп жаткан “Аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелеринде аймактык мамиле” аттуу Азия аялдар форумуна Кыргыз Республикасынын делегациясын жетектеди.

Жыпариса Рысбекова форумдун катышуучуларына Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде Кыргызстандагы демографиялык кырдаалдын инклюзивдүү экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.

Форумда Чыгыш, Түштүк–Чыгыш Азия, Түштүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламентарий аялдары, өкмөт башчылары, мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү, ишкер аялдар, саясат таануучулар, коомдук активисттер, окумуштуулар, экономика тармактарынын өкүлдөрү региондогу өлкөлөрдүн демографиясынын учурдагы абалын жана анын гендердик теңчиликке жана дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин талкуулашты.

Эмгекке жарамдуу калктын көбөйүшүнө, урбанизациянын деңгээлин жогорулатууга жана инклюзивдик экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү демографиялык жетишкендиктер маселелери каралды.

Форумда аялдардын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө катышуу маселеси да каралды. Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, парламенттердин бизнеске катышуусун стимулдаштыруудагы ролу, гендердик багытталган бюджеттөө, финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануудагы гендердик айырмачылыктарды жоюу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гульмира Окоева, “Борбордук Азия аялдар лигасы” коомдук фондунун төрайымы Асель Атабекова жана Борбордук Азия аялдарынын диалогунун коодинатору Айнура Усупбекова кирди.

Азия форумунун жыйынтыгы боюнча Самарканд резолюциясы кабыл алынды.

аркандская резолюция.
Пайдалуу
Ссылкалар