«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2024 – жылдын 4 айынын иши тууралуу маалымат

Борбордун психолог – кызматкерлери:

 – телефон аркылуу күнү – түнү кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт);

– чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, анкета толтурушат, бардык сүйлөшүүлөр жазылат, сунуш беришет, кабыл алынган билдирүүлөр тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга алардын компетенциясына ылайык кайрылууларды кабарлайт.         

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2024 – жылдын 4 айында (январь – февраль – март – апрель) 21892 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 180,  бир айда 5473 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 746 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 162 (21,7%) жаш балдар, ал эми 584 (78,3% чоң кишилер), 605 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 67 абонентке психологиялык консультация берилген, 74 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

746 чалуунун ичинен эркектерден – 147 (19,7%), аялдардан – 437 (58,6%), эркек балдардан – 51 (6,8%), кыздардан – 111 (14,9 %). 

231 (балдар 1) же 31,0% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, кош бойлуулук жана төрөт, майыптыгы, багуучусунан ажырагандыгы боюнча жөлөкпул чектөө жана төлөө, жеке ассистенттин кызматы, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, бала асырап алуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жол киреге жеңилдик, майыптыкты узартуу, баланы ИТБМсине, убактылуу борборго жагаштыруу, эмгек укугу бузулгандыгы, жумушсуздук боюнча окуу стипендияны төлөбөй койгондугу жөнүндө  кайрылышкан.

117 (балдар 13) абонент же 15,7% чалып, гуманитардык,  финансылык, үй берүү, балдарды издөө, кызы менен байланышуу, бейтааныш адамдардын коркутуусу, милиция чакырып берүү жөнүндө, психологдун, юристин, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Психологиялык жабырлануудан 66 (балдар 47) же 8,8% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна ата-энесинин көңүл бурбоосу жана аларга таарыныч, сүйүүнүн жоктугу, капалануу, ажырашуу, тынчсыздануу, жаңжалдар, жалгыздык, коркунуч, стресс, депрессия, жаман ойлор, апатия, өзүнө нааразы болуу, өзүн-өзү сындоо, социофобия, жашоодогу  кыйынчылыктар себеп болгон.

61 (балдар 46) кайрылгандар же 8,2% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин, мугалимдердин өз ара мамилеси жөнүндө суроолор түзгөн. Балдар ата – энеси, агасы, эжеси, достору, классташтары, теңтуштары, достору, небереси менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, криптомания болгон учурда, окуудагы кыйынчылыктар тууралуу кайрылган.

Билим берүү системасы жөнүндө 54 (балдар 7) же 7,2% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге, бала бакчага даттанган, ЖРТ тапшыруу, 1 – класска электрондук каттоо жөнүндө сураган.

Үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 51 (балдар 6) же 6,8% абонент чалган. Буларга балдардын ата-энеси, аял – күйөөсү, мурунку күйөөсү, агасы менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, баласы менен жолугууга тыюу салуу, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү, алимент төлөбөө себеп болгон.

39 (балдар 15) же 5,2% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй энеси, агасы, тайкеси, тайжеси, теңтуштары, кошунасы, мугалимдер, кошунасы, бейтааныш адам тарабынан болгонун кабарлашкан.

28 (балдар 4) же 3,8% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, мурунку күйөөсү, атасы, өгөй атасы, баласы, күйөө баласы, туугандары, психикалык жактан жабыркаган эжеси, досу тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлаган.

23 (балдар 8) же 3,1% чалуулар ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (соцтармактар аркылуу коркутуу, батирдин ээсине, кошунасына, РФ куралдуу күчтөрүнө кошулуу жөнүндө пропагандалоого даттануу, кош бойлуу жашы жетелек келин жөнүндө маалымат, өзү жөнүндө аңгеме, «Түндүк» мампорталына катталуу, КР Президентине кайрылуу тууралуу).

21 (балдар 2) же 2,8% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган (доктурга, ооруканага, тез жардам кызматына даттануу, прививка, баласынын ооруусу, ден соолугунун көйгөйү, медициналык кызматтын акысы туралуу).

18 (балдар 1) же 2,4% кайрылуу балдарга карата ата – энелери, чоң энеси, тайжеси тарабынан кайдыгер мамиле кылганы жөнүндө чалган.

17 (балдар 9) же 2,3% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү, анын иши жана 111дин постерлери жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.

14 (балдар 0) же 1,9% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (РИИБ, РЭСКМБтын, ССМ доктуруна, айыл өкмөткө, иш берүүчүгө, РЭСке).

3 (балдар 1) же 0,4% суицид жөнүндө чалган (баласынын ооруусу, дин агымын тандоосу себеп болгон, курбусуна жардам сураган).

3 (балдар 1) абонент же 0,4% мектептеги рэкет жана буллинг жөнүндө билдирген.

21146 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Түшкөн  кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   – 188 (25,2%);

– Чуй облусунан – 137 (18,4%);

– Жалал – Абад облусунан – 72 (9,7%);

– Ош облусунан – 61 (8,2%);

– Ысык – Көл облусунан – 54 (7,2%);

– Ош шаарынан –28 (3,7%);

– Баткен облусунан – 28 (3,7%);

– Талас облусунан – 20 (2,7%);

– Нарын облусунан – 16 (2,1%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 142 (19,1%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

74 кабарланган билдирүүнүн ичинен 59 (79,7%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  12 (16,2%) – ички иштер органдарына,  ӨКМ – 2 (2,7%), КР Билим берүү жана илим министрлигине – 1 (1,4%) жөнөтүлгөн.

 Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү. 

74 кабарланган билдирүүнүн ичинен:

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 4 факты анык болгон (1 үй бүлө арыз менен РИИБна арыз менен кайрылган, 1 – мас абалдагы ата РИИБ жеткирилген, 3 бала үй бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факты боюнча небереси чоң энесине убактылуу камкордукка берилген, 1 факт боюнча абонент РШЭСКМБнын кызматкерлеринин келүүсүнөн баш тарткан), 4 факты факты аныкталган эмес, 3 каралууда;

– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 2 факт боюнча аялдар РШИИБна арыз жазган, аларга коргоо ордерлери берилген, 1 факт боюнча аял күйөөсү жаңжалдашканбыз деген жүйө менен РИИБнө арыз жазгандан баш тарткан,  1 факт боюнча атасы жана балдары көзөмөлгө алынган, 1 мас эркек РИИБна жеткирилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кызды апасы доктурга алып барган, 2 каралууда;

балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 1 факты боюнча балдар биологиялык атасына берилген, 1 факты боюнча чоң эне небересин кароого милдеттеме менен алып кеткен, 1 жашы жетелек кыз тайжесине убактылуу камкордукка берилген, 1 факт боюнча жашы жетелек кыз убактылуу борборго жайгаштырылган, 1 факт аныкталган эмес, 1 каралууда;

– суицид жөнүндө: 1 факт аныкталган эмес, себеби абонент мас болгондуктан РИИБна жеткирилген, 1 каралууда;

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 24 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган, 5 каралууда.

РИИБнын кызматкерлери 12 үй бүлөгө жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн (1 өспүрүм бала убактылуу борборго жайгаштырылган).

– билим берүү системасы боюнча: 1 факт боюнча мектептин директору мугалим жана ата – эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн;

– башка маселе боюнча: 1 факт (жашы жетелек боюнда бар кызды каттоого алуу боюнча Октябрь РСӨБ) каралууда;

– мектептеги рэкет тууралуу: 1 буллинг факт аныкталган, жашы жетелек бала башка класска которулган, 1 факт боюнча РИИБ ЖӨИИ тарабынан окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

2024 – жылдын 4 айында (746 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2023 – жылдын 4 айына (730 чалуу) салыштырганда 2% көбөйгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар