Бишкектеги бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесинде 4 миңден ашык бош орун сунушталат

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.

Бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкеси 16-майда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өтөт.

Жарманкеде 40тан ашуун жумуш берүүчү ири компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 4000ден ашуун бош жумуш орундары сунушталат.

Жумуш издеген жарандар бош жумуш орундары, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер, окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө түшүнүк ала алышат.

Жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн алардын күчтүү жана жөндөмдүүлүктөрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тесттер уюштурулат, бул алардын келечектеги кесибин тандоодо жардам берет.

Возможно, это изображение 11 человек, осветительное оборудование, динамик и толпа
Пайдалуу
Ссылкалар