Эмгек министрлиги: 100 миң сом социалдык контракт алуу үчүн арыздарды кабыл алуу жана кароо башталды

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Министрликтин аймактык бөлүмдөрү “социалдык контракт” программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алып, карап башташты.

Аталган программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомду акысыз алууга болот.

Үстүбүздөгү жылы программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен каржыланат, буга 2 млрд сом бөлүнгөн. Калган 3 миң-Дүйнөлүк банк аркылуу алышат.

Социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк”жөлөк пул алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каражат ала алышат. Үй-бүлө эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек, ошондой эле чыныгы бизнес-план түзүшү керек.

Социалдык контракт түзүүдө артыкчылык 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, «бир айыл – бир продукт» долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес планы бар үй-бүлөлөргө берилет.

Социалдык контракт түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча убактылуу комиссия кабыл алат, анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жергиликтүү кеңештердин жана Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана башка ведомстволордун өкүлдөрү кирет.

Возможно, это изображение 7 человек
Пайдалуу
Ссылкалар