Ош шаарындагы кесиптер жарманкесине 2 миңден ашык бош орун сунушталды

 

Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жумуш издеген жарандар үчүн кесиптердин жарманкесин уюштурду.

45 компания экономиканын ар кайсы тармактарында 2000ден ашуун бош жумуш орундарды тапшырышты. Ошондой эле ишке орноштурууга көмөктөшүү, кесиптик даярдоо боюнча консультациялар, иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүүлөр жана ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулду.

Жарманкеде ийгиликке жетишкен инсандар мотивациялуу ийгилик окуялары менен сөз сүйлөштү.

Жарманкеге 1500дөн ашык жумушсуз жарандар, жаштар, ЖОЖдордун жана мектептердин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Жарманке Миграция ресурстук борборунун колдоосу менен JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.

 

Пайдалуу
Ссылкалар