Жаңыланган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде кандай жаңы цехтер ачылды

Бүгүн, 14-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жаңыланган Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин ачты.
Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Раимбачаева, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Камчыбек Досматов, ар кыл уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Аталган мекеме 80 жылдан бери чоңдор жана майыптыгы бар балдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды үзгүлтүксүз жасап келет. Учурда 13 миңден ашуун адам кызмат алат, анын 5,9 миңи – балдар.
“Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имараты 1988-жылы курулуп эксплуатацияга берилген, бир да жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес. Бүгүн биз мекемени жөн эле жаңырткан жокпуз, биз жаңы цех – кресло-коляскаларды чогултуу боюнча цехти, заманбап кол протездерин жасоо цехин жана балдардын укугун коргоо максатында балдарды кабыл алуучу өзүнчө бөлүм ачып жатабыз”, – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.
Министр белгилегендей, мекеме продукциянын 150дөн ашык түрүн чыгарат.
“Мекеме өндүрүлгөн продукциянын сапатын тынымсыз жогорулатууда. Сколковонун резиденти “Моторика” кампаниясынын компоненттеринен 26 “КИБИ” заманбап балдар кол протездери даярдалган жана пилоттук режимде 2 бионика «ИНДИ» протездери тертирлөөдөн өтүп жатат. Ортопедиялык бут кийимдердин жаңы модельдери иштелип чыгып, сапаттуу материалдар колдонулууда”, – деди Гүлнара Баатырова.
Жогорку Кеңешинин депутаты Винера Раимбачаева жаңыланган имараттын ачылуусуна кошкон салымы үчүн “Ассанабил” фондунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар