2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылды

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин Ташкент шаарында өткөн биринчи жыйынынын алкагында билдирди.

“Сирия жана Ирактан келген жарандарыбызды мекенине кайтаруу КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен жана Министрлер Кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанга келгенден кийин жарандар реабилитациялык , теологиялык, педагогикалык иш-чаралардан өтүп, туугандарына өткөрүлүп берилет,-деди Жыпариса Рысбекова.

Возможно, это изображение 11 человек и текст
Пайдалуу
Ссылкалар