Бишкектеги кесиптер жарманкесинде 50 компания бош кызмат орундарын сунуштады

 

Бишкек шаарынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган бош орундар жана кесиптер жарманкесине Бишкек шаарындагы 50 ири ишкана жана уюм катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс-маектерди өткөрүп, кызыккандарды бош орундар, иштөө шарттары жана эмгек акылары менен тааныштырышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, мындай жарманкелер каалоочуларга эмгек рыногундагы абал тууралуу  билүүгө жакшы жардам берет.

“Министрлик кесипке багыт берүү ишине өзгөчө көңүл бурат, бул үчүн жыл сайын өлкө боюнча бош жумуш орундардын жарманкеси өткөрүлөт. Мындан тышкары, Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларындагы, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы кесиптик багыт берүү борборлору жаштарга кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жардам берип, өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшөт”, – деди ал.

Пайдалуу
Ссылкалар