Кыргызстан менен Түркиянын социалдык коргоо министрлери кызматташууну талкуулашты
Түрк мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынынын алкагында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Туркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызмат боюнча министри Махинур Өздемир Гөкташ менен жолугушту.
Эмгек министрлигинин башчысынын айтымында, ааламдашуу шартында үй-бүлө институтун чыңдоо КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат.
“Коомдун туруктуулугу көп жагынан үй-бүлөнү, эне-бала институтун, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо деңгээлинен көз каранды жана бул багытта Кыргызстанда чоң иштер жүргүзүлүүдө.
Биздин Министрлик Түркия Республикасы менен кызматташууга, анын ичинде “үй – бүлө Академиясы”, аялдардын ишкердиги, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо сыяктуу долбоорлор боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар”, – деди ал.

