Эмгек министрлиги: Эмгек квотасы боюнча кирген чет элдиктер түнкү башаламандыкка катышкан жок

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек квотасы менен кирген чет өлкөлүк жарандар боюнча маалымат берет.
Министрлик бөлүштүрүү процесси кандай жүрөрүн түшүндүрөт.
Башында иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу үчүн квота алат, андан кийин чет элдик жумушчу виза алуу үчүн тышкы иштер министрлигине кайрылат. Чет элдик жаран виза алгандан кийин Кыргызстанга кирип, мамлекеттик алым (гос.пошлина) төлөнгөндөн кийин бир жылдык мөөнөткө иштөөгө уруксат алат.
Кыргызстанга туристтик виза менен келген чет өлкөлүк жаран өлкөнүн аймагында болуу менен, аны жумушчу визасына алмаштыра албайт.
Учурда Эмгек министрлиги тарабынан Түркия, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Бангладеш, Кытай өлкөлөрүнүн 5,3 миң чет өлкөлүк жаранына иштөөгө уруксат берген.
Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери Бангладеш, Пакистан жана Индиянын жарандарына квота бөлүштүрүү токтотулган.
Эмгек министрлиги чет элдик жарандар менен кыргызстандыктардын ортосундагы түнкү башаламандыктын катышуучуларынын арасында жумушка орношкон чет өлкөлүк жарандар жок экенин маалымдайт.
Пайдалуу
Ссылкалар