Түркиянын президенти Түрк мамлекеттеринин социалдык коргоо министрлерин кабыл алды. Алардын арасында Гүлнара Баатырова
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун (ТМУ) социалдык коргоо министрлери менен жолугушуусуна катышты.
Түркиянын башчысы министрлерди жылуу кабыл алып, конструктивдүү диалог, тажрыйба алмашуу жана социалдык коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбалар Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кылат деген пикирин билдирди. Ал социалдык саясат чөйрөсүндө үй-бүлөнү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган демилгелерге артыкчылык берилиши керектигин баса белгиледи.
Түрк мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын “Келечек муундардын бирдиктүү фондун” түзүү сунушу декларацияга киргизилди. Ошондой эле, министрдин түрк тилдүү өлкөлөрдүн “Бактылуу үй – бүлө-бакубат мамлекет” форумун өткөрүү тууралуу сунушу колдоого алынды.
2024-05-18